КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам принциптерин
киргизүүнүн Пилоттук долбоору жөнүндө
(2009.15.01. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
Банк ишинин жана кредит берүүнүн салт боюнча колдонулган системасы менен катар Кыргыз Республикасында банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптерин киргизүү экономикалык укуктук мамилелерди өнүктүрүүнүн шарты, ошондой эле финансылоонун жана кредит берүүнүн атаандаштык системасын түзүү катары каралат. Өз кезегинде мындай киргизүү дин тутууну же атеизмди эске алуу менен экономикалык эркиндикке, Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган каалаган экономикалык иште өз жөндөмүн жана мүлкүн пайдаланууга болгон жарандык укуктарды жүзөгө ашырууну кыйла толук камсыз кылууга алып келет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 48-статьясынын негизинде, ошондой эле банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптерин сынап көрүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасында исламдык банк ишин жана финансылоону киргизүү жагынан 2006-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын жана Ислам өнүктүрүү банкынын жана «ЭкоБанк» ачык акционердик коомунун ортосундагы өзара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум (мындан ары - Меморандум) ратификациялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан номерленген жана Меморандумду аткаруу максатында келип жаткан адамдарга Кыргыз Республикасына кирүү жана болуу үчун виза жана башка уруксат кылуу документтерин өз убагында берсин.
КР Президентинин 2009.15.01. № 33 жарлыгына ылайык 4-пункт редакцияда баяндалды (мур. ред. караңыз)