Введите номер документа
Прайс-лист

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 7-февралындагы № ЭД-000007/06.МН токтому

Информация о документе
Датасреда, 7 февраля 2007
Статус
Действующийвведен в действие с
Дата последнего изменениясреда, 4 апреля 2007

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
соттук коллегиясынын 2007-жылдын 7-февралындагы № ЭД-000007/06.МН токтому

 

№ ЭД-000007/06.МН.

көзөмөл өндүрүш № 7-347/06ЭД

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:

төрагалык кылуучу: судья Мукамбаева Г.У.,

судьялар: Садыков Э.Э., Мухамеджанов А.Ж. (баяндоочу-судья),

сот отурумунун катчысы: И. Асанова,

тараптардын өкүлдөрү: Нарын шаардык социалдык фонд бөлүмүнүн начальниги Эгембаев А.А. жана юристи Зарылбек уулу Нурлан (ишеним кат № 13 06.02.2007-ж.); Нарын жылуулук берүү ишканасынан Жумакадыров К. (ишеним кат № 159 20.11.2006-ж.) катышуулары менен,

ачык соттук отурумда доогер Нарын шаардык социалдык фонд бөлүмүнүн жоопкер Нарын жылуулук берүү ишканасынан 1048715 сом өндүрүү жөнүндөгү доо арызы боюнча кабыл алынган Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 2-ноябрындагы токтомун көзөмөл тартибинде карап берүү жөнүндөгү Нарын шаардык социалдык фонд бөлүмүнүн даттануусун карап чыгып (даттанылып жаткан сот актысын кабыл алган судьялар: Ж.Омурзаков, Ж.Ибраева, Т.Рахматов),

тапты:

2006-жылдын 1-февралында Доогер Нарын шаардык социалдык фонд бөлүмү Нарын областтык райондор аралык сотуна жоопкер Нарын жылуулук берүү ишканасынан 1048715 сом өндүрүү жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган.

Доо арызда, жоопкер Нарын шаардык жылуулук берүү ишканасы 2006-жылдын 1-январына карата камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча Социалдык фондко 1048715 сом карыз, бул карызды төлөө боюнча бир нече жолу жоопкерге сунуш жөнөтүлгөн, бирок ал сунуштарга жылуулук берүү ишканасы тарабынан эч кандай жооп берилген эмес, ошондуктан социалдык фонд бөлүмү сотко камсыздандыруу төлөмдөрдү өндүрүп берүүнү сурап доо арыз менен кайрылганга аргасыз болгондугу көрсөтүлгөн.

Нарын областтык райондор аралык сотунун 2006-жылдын 27-февралындагы чечими менен Нарын шаардык социалдык фонд бөлүмүнүн доо арызы канааттандырылган. Нарын шаардык жылуулук берүү ишканасынан Нарын шаардык социалдык фонд бөлүмүнүн пайдасына 1048715 сом өндүрүлгөн. Нарын жылуулук берүү ишканасынан 30974 сом мамлекеттик алым жана 100 сом почта чыгымы, баардыгы 31074 сом республикалык бюджеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Демо – версия документа

Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Обратная связь
Оставьте свои контактные данные и наш менеджер свяжется с вами