Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 203 токтому
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 132 «Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөр белгиленсин:
- куруучу региондордо социалдык инфраструктураны түзүү, тейлөө, өнүктүрүү жана эксплуатациялоо менен бир эле убакта Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча функциялар берилет;
магистралдык темир жолдордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча заказчы болот жана көрсөтүлгөн иштерди республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан каржылайт.
2. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин.
3. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы:
- Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана курулушун каржылоо үчүн инвесторлорду тартууга чараларды көрсүн;
- белгиленген тартипте «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын Жумушту камсыздоо бөлүмүн кошуу жолу менен өзгөртүп уюштурсун жана «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын курулуш-монтаж жана ремонт жумуштарын камсыздоо боюнча филиалын жойсун.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте эки аптанын ичинде: