Введите номер документа
Прайс-лист

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы менен Беларусь Республикасынын Минск облустук аткаруу комитетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу (Долбоор) (2009-жылдын 24-ноябрындагы)

Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Информация о документе
Датавторник, 24 ноября 2009
Статус
Действующийвведен в действие с 24 ноября 2009
Дата последнего изменениявторник, 24 ноября 2009

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы менен Беларусь Республикасынын
Минск облустук аткаруу комитетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу
(2009-жылдын 24-ноябрындагы)

 

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 651-б буйругу менен макулдук берилди

 

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жана Беларусь Республикасынын Минск облустук аткаруу комитети,

Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосунда калыптанган достук мамилелерди эске алуу менен,

экономикалык, маданий, социалдык чөйрөлөрдөгү өз ара кызыкчылыктардын негизинде кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулушуп,

өз ара сыйлашуунун, ишенимдин, тең укуктуулуктун принциптерин жетекчиликке алышып,

төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:

 

1-берене.

 

Тараптар төмөнкү тармактар боюнча кызматташтыкты ишке ашырышат:

- өнөр жай, айыл чарбасы, транспорт жана соода;

- илим, техника, билим берүү;

- маданият жана искусство;

- спорт жана туризм;

- экология, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу.

 

2-берене.

 

Тараптар Беларусь Республикасынын улуттук мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын негизинде кызматташтыкты ишке ашырышат.

 

3-берене.

 

Тараптар өздөрүнүн ишмердиги жана социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жетишкен ийгиликтери жөнүндө маалыматтарды алмашып турушат.

 

4-берене.

 

Тараптар кызматташтыкты түзүүдө менчигинин формасына жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан ишканалар жана уюмдар катышса болот деп эсептешет.

 

5-берене.

 

Тараптар ишканалардын жана уюмдардын ортосундагы чарбачылык байланыштардын кеңейишине жана жаңы байланыштардын орнотулушуна көмөк көрсөтүшөт, Тараптардын аймактарында жайгашкан, өз укуктарын ишке ашырып жатышкан жана алган милдеттери үчүн өз алдынча жоопкерчилик тартышчу чарбакер субъекттердин ортосунда менчиктеринин формасына карабастан түз байланыштарды орнотууга жардам беришет.

 

6-берене.

 

Тараптар биргелешкен ишканалардын жана башка биргелешкен структуралардын жаралышына көмөк көрсөтүшөт.

Демо – версия документа

Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Обратная связь

Уважаемый пользователь! Мы стремимся постоянно улучшать качество наших услуг. Пожалуйста, поделитесь своими предложениями — Ваше участие поможет нам стать ещё удобнее и эффективнее для Вас!