Введите номер документа
Прайс-лист

2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын туристтик индустриясын туруктуу өнүктүрүүнүн «Меймандос Кыргызстан» маркетинг стратегиясы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-октябрындагы № 734 токтому менен бекитилген)

Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Информация о документе
Датасреда, 6 октября 2004
Статус
Действующийвведен в действие с
Дата последнего изменениясреда, 6 октября 2004

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 6-октябрындагы

№ 734 токтому менен

бекитилген

 

2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын туристтик индустриясын туруктуу өнүктүрүүнүн «Меймандос
Кыргызстан» маркетинг стратегиясы
 
Киришүү

 

Азыркы туристтик индустрия дүйнөлүк экономиканын ири киреше берүүчү жана кыйла ыкчам өнүгүп келаткан тармактарынын бири болуп саналат. Туризм чөйрөсүндөгү жумуш орундарынын саны 200 миллионго жакынды же дүйнөдөгү иш менен камсыз болуунун жалпы көрсөткүчүнүн 8 процентин түзөт.

Дүйнөлүк туристтик уюмдун жана Эларалык валюта фондунун маалыматтары боюнча туризм 1998-жылдан тартып товарларды жана кызмат көрсөтүүнү дүйнөлүк экспорттоодо биринчи орунга чыкты (7,9 %). Туризмдин орточо өсүш темпи бүтүндөй дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн орточо жылдык темпинен кыйла жогору. Туризм дүйнөлүк ички дүң продуктунун жалпысынан 3,8 процентин жана экономиканын аралаш тармактарын өнүктүрүүгө кыйыр таасирди эске алуу менен 10 проценттен ашыгын берет. Дүйнөлүк туристтик уюмдун божомолу боюнча жакынкы он жылда туризм чөйрөсүндө экономикалык өсүш темпи сакталып калат.

Кыргызстандын туристтик индустриясын өнүктүрүү өлкөнүн тарбигый ресурстарынын кыйла ар түрдүүлүгүнө негизделет, ал туризмдин ички өнүгүшү, ошондой эле Кыргызстандын туризм өлкөсү катары кадыр-баркын калыптандыруу үчүн зор экономикалык фактор болуп калат жана болуп калууга тийиш.

Орун алган тенденцияларды эске алганда Кыргызстанда эларалык туризм рыногуна шайкеш аралашуу жана өлкөдө туризмди дагы ыкчам өнүктүрүүгө жетишүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар.

Туризмди туруктуу өнүктүрүү азыркы учурда туристтердин муктаждыктарын гана канааттандырууну карабастан, ошондой эле келечекте алардын таламдарын эске алууну да талап кылат, бул социалдык-экономикалык иш менен табигый чөйрөнү сактоону камсыз кылуу зарылчылыгынын ортосундагы балансты сактоону да талап кылат.

Демо – версия документа

Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Обратная связь

Уважаемый пользователь! Мы стремимся постоянно улучшать качество наших услуг. Пожалуйста, поделитесь своими предложениями — Ваше участие поможет нам стать ещё удобнее и эффективнее для Вас!