Введите номер документа
Прайс-лист

Пенсия маселеси. Кыргыз Республикасынын социалдык фонду жооп берет

Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Информация о документе
Датапятница, 18 июня 2010
Статус
Действующийвведен в действие с
Дата последнего измененияпятница, 18 июня 2010

Пенсия маселеси
 
 Кыргыз Республикасынын социалдык фонду жооп берет

 

- Менин жалгыз уулум каза болуп калды. Айлык акысынын өлчөмү жогору болчу. Андыктан, пенсиялык фондго да чоң чегерүүлөр жасалса керек. Анын пенсиялык чегерүүлөрүнө менин катыштыгым барбы?

 

М. Ивина,

Кара-Балта шаары.

 

- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзам боюнча налогдорду жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.

1996-жылдын 1-январынан Кыргыз Республикасында персонификациялык эсепке алуу киргизилгенден тартып, камсыздандырылган бардык жарандардын жеке эсептеринде Социалдык фондго өздөрү же жумуш берүүчү тарабынан төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары топтолот.

Биздин республикада камсыздандыруу төгүмдөрүн мамлекеттик социалдык камсыздандырууга төлөө милдеттүү болгондуктан, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамга ылайык, сиздин эмгек акыңыздан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна үзгүлтүксүз чегерүүлөр жүргүзүлөт.

Жарандардын жеке эсептерине келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү депозитке топтолбойт. Банктагыдай инвестицияланбайт. Бир гана эсептерге киргизилет жана муундардын тилектештиги боюнча азыркы күндөрү дайындалган пенсияларды төлөп берүүгө жумшалат. Ошондуктан, аларды алууга же мурастоого болбойт.

2008-жылдын 24-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасында топтоо бөлүктү киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасынын андан ары реформалоо, пенсиялык камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү перспективада пенсиялык фонддун финансылык туруктуулугуна жетишүү, өлкөнүн экономикасына Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун акча каражаттарын инвестиция тартуу максатында Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүктү киргизүү Конценциясы жактырылып, Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүктү киргизүү боюнча иш чаралардын планы бекитилген.

Демо – версия документа

Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Обратная связь

Уважаемый пользователь! Мы стремимся постоянно улучшать качество наших услуг. Пожалуйста, поделитесь своими предложениями — Ваше участие поможет нам стать ещё удобнее и эффективнее для Вас!