2004-жылдын 9 айында Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана
2004-жылдын IV кварталына милдеттери
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэриясынын 2004-жылдын 26-октябрындагы № 19пк токтому
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев тарабынан Социалдык мобилизация жана акыйкат башкаруу жылында жана шаардын активи менен жолугушуусунда коюлган милдеттерди аткаруу боюнча мэрия, райондук администрациялар жана шаардык кызматтар бир топ иштерди аткарышкандыгын Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы белгиледи.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында Бишкек шаарында коомдук-саясий абал туруктуу сакталууда. Өткөн жыл мезгилинде калк арасында жана эл көп чогулган жерлерде түшүндүрүү жана профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча иштер уюштурулган. Стратегиялык, режимдүү жана жашоону камсыз кылуучу объекттер күчөтүлгөн коргоого алынган.
Экономика чөйрөсүндө көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 2004-жылдын 9 айында бардык багыттар боюнча он өсүү темпине жетишти.
Азыркы баалоочу көлөмү боюнча регионалдык дүң продукту (РДП) 19,9 млрд. сомду түздү 2003-жылдын ушул мезгилине карата 21,4% номиналдык өсүүсү менен. Экономиканын бардык тармактарында өсүүнүн эсебинен регионалдык продуктун өсүшү камсыз кылынган.
Өнөр жай продукциясыи реалдуу өндүрүү 15,4% (7,0 млрд. сом) түздү. Максаттуу параметрлер 106,7% аткарылды. Өсүү темпи бардык райондор тарабынан аткарылды.
2004-жылга Бишкек шаарынын тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр-жайын өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу тамак-аш продуктыларынын өндүрүшүнүн 8,1% өсүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берди (пландагы өсүү 108%).
Үстүбүздөгү жылдын 9 айында өндүрүш 12,1% өсүп (пландагы өсүү 109%), Бишкек шаары боюнча 2004-жылга керектөө товарлар өндүрүшүн өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу чегинде он жыйынтыктарга жетишти.
2004-жылдын январь-август айларында тышкы соода жүгүртүү 702,5 млн. долларды түзүп, 2003-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 40,9%ке өстү. Ушул эле учурда продукцияны экспорттоо шаар боюнча негизинен 38% же 88,3 млн. долларга өстү жана 320,8 млн. долларга түздү. Өнөр жай ишканаларынын продукциясынын экспорту 44.7 млн. долларды же 142,73% түздү.