Введите номер документа
Прайс-листВидеоинструкция

Сот отурумунун протоколу

Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Информация о документе
Сот отурумунун протоколу
Датавторник, 10 января 2012
Статус
Действующийвведен в действие с
Дата последнего изменениявторник, 10 января 2012

Документ входит в комплект(ы):

Континент СНГ (10 стран), Континент КЫР, Юрист-VIP

Сот отурумунун протоколу

 

Башталды: 06.11.2009-ж.

Аяктады: 13.11.2009-ж.

Түзүлдү: 13.11.2009-ж.

 

Бишкек шаары

 

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту, курамында төрагалык кылуучу Жаңыл Мамбеталы

сотту отурумдун катчысы: Соорбекова Н.,

мамлекеттик айыптоочу: Джандаев Ж.,

жактоочу: М.Супатаевдин

катышуусу менен ачык соттук отурумда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 167-статьясынын 2-бөлүгүнүн, 3-пункту боюнча айыпталган Абдрасул уулу Күнболоттун жазык ишин карады.

Төрагалык кылуучу сот отуруму ачык деп жарыялады.

Катчы сотко чакырылган адамдардын келгендиги жөнүндө баяндады:

Сот залына Абдрасул уулу Күнболотту конвой алып келди. Жабырлануучулар, күбөлөр келишкен жок. Себебин билдиришкен жок.

Төрагалык кылуучу соттолуучунун өздүгүн аныктады:

Абрасул уулу Күнболот, 10.04.1990-жылы Ош областына караштуу Ноокен районун Көк-Бел айылында туулган, улуту кыргыз, билими бүтө элек орто, убактылуу иштебейт, Кыргыз Республикасынын жараны, бойдок, туруктуу жашаган жери жок, мурда соттолгон эмес, бөгөт коюу чарасы 31-август 2009-жылдан бери камакта, айыптоо токтомунун көчүрмөсүн 02.09.2009-жылы алган,

Төрагалык кылуучу: соттолуучунун өздүгү боюнча суроолор барбы деп мамлекеттик айыптоочудан жана жактоочудан сурады?

Суроолор жок.

Судья соттун курамын жарыялады: Төрагалык кылуучу Жаңыл Мамбеталы, соттук отурумдун катчысы Соорбекова Н., мамлекеттик айыптоочу Джандаев Ж., жактоочу М.Супатаев, жана баш тартуу укугун түшүндүрдү.

Баш тартуу болгон жок.

Төрагалык кылуучу соттолуучуга Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 42-статьясында каралган укуктарын жана милдеттерин түшүндүрдү.

Соттолуучу Абдрасул уулу К.: - укуктарым түшүнүктүү.

Төрагалык кылуучу тараптардын өтүнүчтөрү барбы, деп сурады.

Соттолуучу Абдрасул уулу Күнболот, өтүнүч менен кайрылды: - Мен айыпты толугу менен мойнума алам жана мага коюлган квалификация менен макулмун. Соттук териштирүүнү жөнөкөй тартипте өткөрүп берүүңүздү суранам.

Төрагалык кылуучу келтирилген өтүнүч боюнча тараптардын пикирин сурады.

Мамлекеттик айыптоочу: - өтүнүчтү колдойм.

Жактоочу: - өтүнүчтү колдойм.

Төрагалык кылуучу токтом чыгаруу үчүн башка бөлмөгө кетти.

Чыккандан соң, жазык ишин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте териштирүү токтомун жарыялады.

Төрагалык кылуучу 13.11.2009-ж. саат 15:00 мин. чейин тыныгуу жарыялады.

13.11.09-ж. саат 15:00 мүнөттө сот отуруму ошол эле курамда улантылууда.

Добавить в список основных источников в Google

Демо – версия документа
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль. Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Обратная связь

Уважаемый пользователь! Мы стремимся постоянно улучшать качество наших услуг. Пожалуйста, поделитесь своими предложениями — Ваше участие поможет нам стать ещё удобнее и эффективнее для Вас!