Введите номер документа
Прайс-лист

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 17-майындагы № 05-221/10 С токтому

Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Информация о документе
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 17-майындагы № 05-221/10 С токтому

Документ входит в комплект(ы):

Континент СНГ (10 стран), Континент КЫР, Юрист-VIP

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 17-майындагы № 05-221/10 С токтому

 

Жарандык иштер боюнча

иш № 05-221/10 С

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы ачык соттук отурумунда Жороева Саткынайдын жана Нурбаева Данахандын Баткен областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 19-январь 2010-жылдагы аныктамаларына көзөмөл тартибинде келтирилген даттануусу боюнча ишин караган.

Ал аныктамалар менен Кызыл-Кыя шаардык сотунун 4-декабрь 2009-жылдагы ушул иш боюнча аныктамалары алынып салынып, иштер кайра кароо үчүн Кызыл-Кыя шаардык сотуна жиберилген.

Жеке даттануулар жарым-жартылай канааттандырылган.

Иштин ичиндеги материалдарды изилдеп, көзөмөл даттануунун жана ага келтирген каршы пикирдин жүйөөлөрүн талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы көзөмөл тартибиндеги даттануулар төмөндөгүдөй негиздер менен жарым-жартылай канааттандырууга жатат деп эсептейт.

Иштин материалдарына караганда Кызыл-Кыя шаардык сотунун 16-июль 2009-жылдагы чечими менен жоопкер М.Закировадан С.Жороеванын пайдасына 100 000 сом негизги карыз жана 78 000 сом үстөгү өндүрүлгөн. Аталган чечимдин негизинде 29-сентябрь 2009-жылы аткаруу барагы берилген.

Соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн улуу сот аткаруучу У.М.Мырзамамытовдун 19-октябрь 2009-жылдагы токтомунун негизинде 29-сентябрь 2009-жылы Кызыл-Кыя шаардык соту тарабынан берилген аткаруу барагы аткаруусуз кайтарылып берилген.

Кызыл-Кыя шаардык сотунун 16-июль 2009-жылдагы чечими менен жоопкер М.Закировадан Д.Нурбаеванын пайдасына 125 000 сом негизги карыз жана 137 500 сом үстөгү өндүрүлгөн. Аталган чечимдин негизинде 29-сентябрь 2009-жылы аткаруу барагы берилип, 19-октябрь 2009-жылы сот аткаруучу тарабынан аткаруусуз кайтарылып берилген.

Д.Нурбаева жана С.Жороева сотко чечимдердин аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө арыздар менен кайрылып, эки жарандык иш Кызыл-Кыя шаардык сотунун 5-февраль 2010-жылдагы аныктамасы менен бир өндүрүшкө бириктирилген.

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 209-статьясынын талаптарына ылайык ишти караган сот ишке катышкан жактардын арызы боюнча тараптын мүлктүк абалына же башка жагдайларга негизденүү менен чечимди аткарууну кийинкиге калтырууга же мөөнөтүн узартууга, ошондой эле аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүүгө укуктуу.

Демо – версия документа
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль. Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Обратная связь

Уважаемый пользователь! Мы стремимся постоянно улучшать качество наших услуг. Пожалуйста, поделитесь своими предложениями — Ваше участие поможет нам стать ещё удобнее и эффективнее для Вас!