Кыргыз ССРинин Өкмөтүнүн кээ бир чечимдеринин өзгөртүү жана күчүн жоготуу деп табуу тууралу
Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1977-жылдын 15-июлундагы № 383 токтому
Кыргыз ССР Министрлер Совети токтом кылат:
1. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз ССР Министрлер Советинин «1947-жылда мектептик жазуу куралдарын жасап чыгаруу планы тууралу» 1947-жыл 7-майдагы № 430 токтому;
- «1948-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Курулуш материалдар өнөр жай башкармасынын ишканаларынын кирпич өндүрүү планын аткаруунун камсыз кылуулары боюнча чаралар тууралу» Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1948-жыл 11-майдагы № 431 токтому;
- Кыргыз ССР Министрлер Советинин «Кыргыз ССРинде коньяк өндүрүүнү уюштуруу тууралу» 1948-жыл 31-августтагы № 849 токтому;
- Кыргыз ССР Министрлер Советинин «1952-1953-жылдын кыш мезгилинде иштөөгө Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Курулуш материалдар өнөр жай башкы башкармасынын кирпич заводдорун даярдоо тууралу» 1952-жыл 7-октябрдагы № 1001 токтому;
- Кыргыз ССР Министрлер Советинин «Советтик армиянын жана Аскер-деңиз флотунун запаска же отставкага чыгарылган офицерлерин материалдык жактан камсыз кылуу боюнча иш чаралар тууралу» 1953-жыл 8-октябрдагы № 911 токтомунун биринчи пункту;
- Кыргыз ССР Министрлер Советинин «Рудалык эмес курулуш материалдарын өндүрүүнү арттыруу тууралу» 1954-жыл 6-октябрдагы № 581 токтому;