Введите номер документа
Прайс-листВидеоинструкция

Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча кеңеши

Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Информация о документе
Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча кеңеши

Документ входит в комплект(ы):

Континент СНГ (10 стран), Континент КЫР, Юрист-VIP

Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча кеңеши

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык кызмат орундарына талапкерлер үчүн конкурсттуктандоо өткөргөндүгүнө байланыштуу «Эркин Тоо» гезитинин 2012-жылдын 26-июнундагы № 56 санында жарыяланган дил баян жазуу үчүн укуктук темалардын кошумча тизмесин жарыялайт.

 

(ЭСКЕРТМЕ: төмөндөгү дил баян жазуу үчүн укуктук темалардын тизмеси мурда жарыяланган тизменин 141 иреттик санынан тартып улантылат, ал эми мурдагы 141-иреттик санынан тартып 200-иреттик санына чейинки дил баян темалары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык кызмат ордуна конкурстук тандоо учурунда колдонулбайт).

 

141. Айыпсыз аякка тикенек кирбейт

142. Ак ийилет бирок сынбайт

143. Ак иш үчүн ыйласа, азиз көздөн жаш чыгат

144. Ар кимдин өз чындыгы, кызыкчылыгы, ишеними бар

145. Ачуу менен кекчилдик - акылсыздыктын башталган жери

146. Ачылган абийирди алтын менен чулгап койсоң да, жылаңач бойдон кала берет

147. Бардык учурда бардыгын алдоо мүмкүн болбогондой эле, бардыгына жагуу кыйын

148. Беттеген ишиңди баштаардан мурда, беш жолу жакшы жагын, бир жолу жаман жагын ойло

149. Бийликтин кулу болгуча, ыймандын кулу бол

150. Бирөөнүн күнөөсүн бирөө көтөрбөйт, ар кимдики өзүнчө

151. Бөйрөктөн шыйрак чыгарган, бөдөнөдөн куйрук чыгарат

152. Сабырдуу болгун ар иште, салмактуу болгун тар иште

153. Таза адамга чаң жукпайт

154. Ыйман жок жерде - акыл душман

155. Шашкалактык - кыраакылыкты жоготуп коет

156. Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат

157. Аюудан корккон отунга барбайт

158. Барымтадан корккон мал бакпайт, чегирткеден корккон эгин экпейт

159. Адал түбөлүктүү, арамдын жолу миң, бирок өмүрү кыска

160. Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр

161. Адамдын убалына калуу эң оор күнөө

162. Айран ичкен кутулуптур, челек жалаган тутулуптур

163. Акча сүйлөгөн жерде, адилеттик, ар - намыс ыйлап турат

164. Акча үчүн ар ким иштейт, абийир үчүн ким иштейт?

165. Акчадан арылсаң күйүнөөрсүң, ар-намыстан арылсаң кантип басып жүрөсүң?

166. Акыйкат асманда, чыкканга шаты жок

167. Акыйкат жолу ичке, таштуу, саздуу

168. Арамдык ишке барсаң - чыр асылат

169. Бай сотко барса барпаңдайт, кедей сотко барса калтаңдайт

170. Байды мактаба, кедейди жектебе

171. Байлыгы бардын - бийлиги бар

172. Байлык менен бийлик кишини сынайт

173. Байлык топтогуча, барк топто

174. Бий экөө болсо, дөө төртөө болот

Добавить в список основных источников в Google

Демо – версия документа
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль. Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Обратная связь

Уважаемый пользователь! Мы стремимся постоянно улучшать качество наших услуг. Пожалуйста, поделитесь своими предложениями — Ваше участие поможет нам стать ещё удобнее и эффективнее для Вас!