Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин жарым жылдык планынын аткарылышы боюнча мэрдин отчёту жана бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Токтогул шаардык кеңешинин 2014-жылдын 5-августундагы № 15 токтому
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин жарым жылдын ичинде аткарылган иштер боюнча отчётун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1. Токтогул шаардык мэриясынын жарым жылдык планынын аткарылышы 16352,8 миң сомго бекитилсин.
Анын ичинен: 3257,4 миң сом атайын каражаттар.
2. Токтогул шаарынын мэри М.С.Калмурзаевдин жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчёту канааттандырарлык деп табылсын жана бекитилсин.
3. Жарым жылдык пландан ашыкча түшкөн кирешенин эсебинен 137,9 миң сом жумуштун зарылчылыгына байланыштуу төмөндөгүдөй чыгымдалып, жумшалсын:
Мектептер жана балдар бакчаларга: