Введите номер документа
Прайс-лист

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2015-жылдын 18-ноябры) (кабыл алынган)

Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Информация о документе
Датасреда, 18 ноября 2015
Статус
Утратил силу
утратил силу с 24 мая 2016

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 783 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген

 

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 261-VI токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган

 

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-мартындагы № 364-VI токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган

 

КР 2016-жылдын 20-майындагы № 68 Мыйзамы менен кабыл алынган

 

1-берене. «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 6, 80-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

39-беренеде:

биринчи бөлүгү төмөнкүдөй абзацтар менен толукталсын:

«Облигацияларды чыгаруу үчүн коом төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

1) акыркы отчеттук жылда же акыркы үч жылдын суммасы боюнча чыгашасыз болуу;

2) акыркы жылдын ичинде өз ишин үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу;

3) коомдун финансылык отчету көз каранды эмес аудитордун корутундусу менен тастыкталууга тийиш;

4) башкаруунун төмөнкүдөй органдарынын болушу:

а) катышуучулардын жалпы чогулушу;

б) директорлор кеңеши;

в) аткаруу органы;

г) текшерүү комиссиясы;

5) корпоративдик башкаруу кодексинин болушу.

Облигацияларды чыгаруу үчүн кайра уюштуруу жолу менен түзүлгөн коом кайра уюштурулгандан кийин бирден кем эмес жылдык теңдемин бекитүүгө тийиш, ошондой эле ушул берененин талаптарына ылайык келиши керек.»;

төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

«3. Облигациялардын эмитенти болуп саналган чарбалык коомдордо корпоративдик башкаруу кодекси - катышуучулардын жалпы чогулушу менен бекитилген, корпоративдик мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына багытталган жана коомдун органдарынын, кызмат адамдарынын жана акционерлердин өз ара мамилелерин жөнгө салган принциптердин, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысын камтыган коомдун ички документ колдонулат.».

Документ утратил силу

Демо – версия документа

Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Обратная связь

Уважаемый пользователь! Мы стремимся постоянно улучшать качество наших услуг. Пожалуйста, поделитесь своими предложениями — Ваше участие поможет нам стать ещё удобнее и эффективнее для Вас!