Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 528 Токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
1-берене. «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2009-жылдын 3-марты, № 15) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренеде:
- 2-пункттагы «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо (кайра каттоо), иш-аракетин токтотууну каттоо» деген сөздөр «Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо (кайра каттоо), иш-аракетин токтотууну каттоо (мындан ары - каттоо)» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 3-пункттагы «Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүүчү» деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пункттагы экинчи сүйлөм алып салынсын.
2. 5-беренеде:
- 1-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- саясий партияларды каттоону;»;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
«- алардын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүн, уюмдарын жана мекемелерин кошпогондо мамлекеттик органдарды каттоону;
- ушул берененин 2-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) кошпогондо, чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жактарды, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жактардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) каттоону;»;
- 2-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- тиешелүү аймакта ишмердиги пайдалуу кен иштетүүгө (иштеп чыгууга) багытталган чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жактарды, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жактардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) каттоону;»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: