Введите номер документа
Прайс-листВидеоинструкция

«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (2007-жылдын 24-декабры) (Долбоор)

Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Информация о документе
«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (2007-жылдын 24-декабры) (Долбоор)

Документ входит в комплект(ы):

Континент СНГ (10 стран), Континент КЫР, Юрист-VIP

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
 
«Тышкы миграция жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2007.24.12 № 623 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген

 

1-статья. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 2000-ж. № 7 371-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статьяда:

- экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Визасыз режим - чет мамлекеттин жарандары виза тариздебестен Кыргыз Республикасы жарактуу деп тапкан документтеринин бири боюнча, эгер Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагына келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болгон режим»;

- 4-бөлүктө:

«паспортунда же аны алмаштырган жол жүрмөлөрүндө» деген сөздөр «анык» деген сөз менен алмаштырылсын;

«Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө жана транзит менен өтүүгө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«Визалык режим - алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген анык визанын негизинде чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болгон режим.

Өздүгүн күбөлөндүргөн документ - бул дипломатиялык каналдар менен жиберилген жана Кыргыз Республикасы ушул сапатта таанылган, эгер Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын кесип өтүүчү адамдын статусун ырастоочу документ.

Анык документ - көрсөтүүчү адамга таандык болгон жана жасалма эмес, мөөнөтү өтпөгөн, тийиштүү үлгүдө жазып катталган жана укуктуу органдар тарабынан бекитилген, мамлекет берген компетенттүү органдардын аныктоолоруна реквизиттери жана бардык бөлүктөрү туура келген өздүгүн күбөлөндүргөн документ.».

2. 5-статьянын биринчи бөлүгүндө:

Добавить в список основных источников в Google

Демо – версия документа
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль. Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Обратная связь

Уважаемый пользователь! Мы стремимся постоянно улучшать качество наших услуг. Пожалуйста, поделитесь своими предложениями — Ваше участие поможет нам стать ещё удобнее и эффективнее для Вас!