№ 37 Мырзааке бир мандаттуу аймактык шайлоо округу боюнча чыгып калган депутаттын ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2006-жылдын 15-августундагы № 49 токтому
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 4-августундагы № 412 Жарлыгы менен № 37 Мырзааке бир мандаттуу аймактык шайлоо округу боюнча чыгып калган депутаттын ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо 2006-жылдын 29-октябрына дайындалган. Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жалпысынан 1179500 сом суммасында акча каражаттары зарыл.
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кодекстин 50-статьясына ылайык шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына төмөнкүдөй чыгымдар каралган: шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө («шайлоо жөнүндө» Кодекстин 16-статьясы) жана тартылган кызматкерлерге кошумча эмгек акы төлөө; шайлоо комиссиялары менен байланышты камсыздоо; транспорт чыгымдары; канцеляриялык чыгымдар; шайлоонун мурунку күнү жана шайлоо күнү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө суткалык төлөө; шайлоо күнү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн тамактандырууга төлөө.
Анын ичинде:
- бир участкалык шайлоо комиссиясын күтүүгө 7400 сом, бардыгы болуп 23 участкага - 170200 сом суммасында акча каражаттары каралган;
- бир округдук шайлоо комиссиясын күтүүгө 120600 сом суммасында акча каражаты каралган. Төмөнкүлөргө да акча каражаттары каралган: шайлоочулардын тизмелерин басууга; ЖМКда материалдарды жарыялоого; жыйындарга катышуу үчүн окружкомдун мүчөлөрүнүн жол чыгымдарына; участкалык шайлоо комиссиялары үчүн окуу семинарларын өткөрүүгө;