Введите номер документа
Прайс-лист

Кыргыз Республикасынын Конституциясы (Долбоор) (күчүн жоготкон)

Информация о документе
Датапонедельник, 26 апреля 2010
Статус
Утратил силу
утратил силу с 23 июля 2010

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
 
КОНСТИТУЦИЯСЫ

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясын караныз

 

«Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө» КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 40 декретин караныз

 

Биз, Кыргызстандын эли,

кыргыз элинин эркиндиги үчүн курман болгон баатырларды эске тутуп;

адамдын укуктарын сыйлоого жана коргоого негизделген эркин жана демократиялык мамлекет курууну жактагандыгыбызды тастыктап;

кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана чыңдоого, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана элдин биримдигин сактоого майтарылбас ишенимди жана бекем эркти билдирип;

укуктун жолу улуктугун, ошондой эле социалдык адилеттүүлүктү, элдин экономикалык байкерлигин жана руханий өнүгүшүн бекемдөөгө умтулуп;

ата-бабаларыбыздын биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта жашоо жөнүндө айткан осуятын туу тутуп, ушул Конституцияны кабыл алабыз.

 

БИРИНЧИ ГЛАВА

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ

 

1-берене.

 

1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемендүү, унитардык, демократиялык, укуктук, динден тышкаркы, социалдык мамлекет.

2. Кыргыз Республикасынын эгемендиги чектелбейт жана анын бүтүндөй аймагын камтыйт.

3. Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат.

4. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.

Эл шайлаган Президент жана Жогорку Кеңеш Кыргызстандын элинин атынан чыгууга укуктуу.

5. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка олуттуу маселелер референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби жана референдумга алып чыгылуучу маселелердин тизмеги конституциялык мыйзам менен белгиленет.

6. Шайлоо эркин болуп саналат жана жашыруун жалпы добуш берүү менен тең жана тике шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.

Эркин шайлоо өткөрүү мыйзамда белгиленген тартипте саясий партиялардын катышуусу менен түзүлгөн шайлоо комиссиялары аркылуу камсыз кылынат.

 

2-берене.

 

1. Мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат.

Документ утратил силу

Демо – версия документа

Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом