Введите номер документа
Прайс-лист

«Жардамды муктаж адамдарга төкпөй-чачпай жеткирүү милдети турат»

Информация о документе
Датапятница, 18 марта 2011
Статус
Действующийвведен в действие с
Дата последнего измененияпятница, 18 марта 2011

Жардамды муктаж адамдарга төкпөй-чачпай жеткирүү милдети турат

 

Калкты социалдык коргоо министри

Айгүл Рыскулова:

 

 

Жумакадыр Дүйшеев, Бишкек шаары:

- Саламатсызбы, Айгүл Маратбековна, менин уулум Жанат кичине кезинен 2-топтогу майып. 4 жашында катуу жыгылып, дарысыз жашай албай калды. 1971-жылы төрөлгөн. Республикалык психоневрологиялык диспансерде каттоодо турат. Биз, ата-энеси пенсиядабыз. Уулум такыр жөлөк пул алган эмес. Мындай оорулууларга кандай жардам көрсөтүлүшү керек? Үйүмдүн телефону: 44-42-16.

 

- Жумакадыр байке, ушул күнгө чейин эмнеге кайрылган эмессиз? Бүгүнкү күндө мамлекеттик социалдык жөлөк пул кайрылган күндөн баштап чектелет. 2010-жылдын 1-январынан тарта жөлөк пулдун өлчөмү 1,5 миң сомго чейин өскөн. Азыр жашаган жериңиз боюнча райондук социалдык коргоо башкармалыгына кайрылып, документтерди тапшырсаңыз арыз жазган күндөн тарта уулуңуз жөлөк пул ала баштайт. Анткени, мыйзамдын негизинде кайрылган күндөн тарта гана жөлөк пул берилет.

 

Гүлчахра Ташибаева:

Күйөөм акча тапканы Россияга иштегени кеткен. Үч кичинекей балам бар. Бирөөнүн батиринде жашайбыз. Өзгөн районунан көчүп келгенбиз. Ал жакта жумуш жок. Балдарыма жөлөк пул албайм, анткени айылда жериңер бар деп коюшкан. Шаарда жашап жатканыбыз үчүн жөлөк пул берилбейби?

 

- Жок, берилбейт. Мамлекеттик жөлөк пул жашаган жери боюнча каттоодо турган жерден айыл аймагынын справкасы менен чектелет. Ошон үчүн жөлөк пулду Өзгөн районунан алышыңыз керек.

 

Ленара Ниязбекова, мугалим, Бишкек шаары:

- Көп балалуу энелер деп кимди айтабыз? Алар кандай жардам алууга укуктуу?

 

- Көп балалуу энелер деп 7ден көп баланы төрөп багып жаткан энелерди айтабыз. Биринчиден, үй-бүлө аз камсыз болгон үй-бүлөнүн катарына кирсе, анда райондук социалдык коргоо кызматы мамлекеттик жөлөк пулду дайындашы мүмкүн. Ал жөлөк пулдар балдарыңыздарга берилет. Андан башка мамлекет тарабынан жети баладан көп баланы төрөп, тарбиялап жаткан энелерге «Баатыр эне» деген наам берилет. Эгерде пенсия алууга укугуңуз жок болсо, анда 2 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул чектелет. Ал эми жумуш иштеп, стажыңыз болсо, анда Соцфонддон 20 пайыз көбөйтүлгөн пенсия аласыз.

 

- Экинчи суроом. Кургак учук менен ооруган балдарга санатордук-курорттук дарыланууга жолдомо берилеби?

 

Демо – версия документа

Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Обратная связь
Оставьте свои контактные данные и наш менеджер свяжется с вами