Кыргыз Республикасынын
тышкы иштер министрлигинин
2006-жылдын 27-апрелиндеги
35-П буйругу менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын дипломаттарынын этикасынын кодекси
Дипломат болуу - ардактуу да, ошол эле мезгилде өтө жооптуу да. Анткени бул кызматты аркалаган адам биринчи кезекте өз өлкөсүн сунуштайт. Чет жактарда, эларалык айдыңда мамлекет жөнүндөгү алгачкы пикир-ойлор дипломат аркылуу түзүлөт. Андыктан, тышкы саясий кызматта жүргөн адамдын төгөрөгү төп келип турушу шарт. Ал таза, чынчыл, жоопкерчиликтүү, намыскөй, сырга бекем, сабырдуу, ийкемдүү, иш билги ж.б. асыл жана ишкер сапаттардын ээси болушу керек. Кыргыз дипломаттары мына ушуну эң жакшы түшүнүү менен, дүйнөлүк тажрыйбанын үлгүлүү жактарын эске алып, биринчи жолу Дипломатиялык кызматкерлердин этикасынын кодексин иштеп чыгышты. Бул документ узакка созулган, дыкат талкуудан кийин кабыл алынып, тышкы иштер министринин буйругу менен бекитилди, Коомчулуктун таанышуусу жана таразасы үчүн аталган документтин толук текстин жарыялайбыз.
1. Жалпы маселелер
1.1. Бул Кодекс Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, «Дипломатиялык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин этикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын, «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым-бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдар алдындагы өкүлчүлүктөрүнүн жана Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүктөрунүн кызматкерлеринин (мындан ары - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлери) жүрүм-турум нормаларын аныктайт жана этикалык нормаларды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлерине карата колдонулуучу жаза чараларын белгилейт. Бул Кодекс ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин административдик-техникалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет элдик мекемелеринин административдик-техникалык кызматерлерине карата дагы колдонулат.
2. Этиканын негизги принциптери