Введите номер документа
Прайс-листВидеоинструкция

«Республикада СССРдин эл депутаттарын шайлоого карата даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө» Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1989-жылдын 27-февралындагы № 2062-XI токтому

Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Информация о документе
«Республикада СССРдин эл депутаттарын шайлоого карата даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө» Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1989-жылдын 27-февралындагы № 2062-XI токтому
Датапонедельник, 27 февраля 1989
Статус
Действующийвведен в действие с 27 февраля 1989
Дата последнего измененияпонедельник, 27 февраля 1989

Документ входит в комплект(ы):

Континент СНГ (10 стран), Континент КЫР, Юрист-VIP

Республикада СССРдин эл депутаттарын шайлоого карата даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө
Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1989-жылдын 27-февралындагы № 2062-XI токтому

 

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Секретары жолдош А.М.Мырзалиеванын бул маселе боюнча билдирүүсүн угуп, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму шайлоо кампаниясы аяктоочу стадияга өтүп, ал эмгекчилердин эмгектик жана саясий активдүүлүгү менен мүнөздөлүп, социалисттик элдик бийликтин өнүгүшүнүн жаңы этабынын белгиси болуп калгандыгын белгилейт. Бул бир нече кандидатураны талкуулоодон, СССРдин эл депутаттыгына кандидаттарды жашаган жери боюнча чогулуштарда көрсөтүүдөн жана шайлоо иш-чараларынын СССРдин Конституциясына, СССРдин эл депутаттарын шайлоо жөнүндө законго ылайык жүргүзүлүшүнөн көрүнүүдө.

Республикада (шайлоо алдындагы округдук чогулуштар курч талкуулоолордун, кызыккандыктын кырдаалында өттү. СССРдин эл депутаттыгына кандидиттардын программаларын талкуулашып, чогулуштардын катышуучулары ынанымдуу, иш билги, эмгекчилердин мүдөөлөрүн билген кандидаттарга артыкчылык беришти. Округдук шайлоо комиссиялары шайлоо округдарында көрсөтүлүшкөн 74 кандидатты каттоону аякташты. Жумушчу табынын, дыйкандардын, интеллигенциянын, советтик коомдук башка катмарларынын кыйла кадыр-барктуу өкүлдөрү кандидаттардан болуп калышты.

Ошону менен бирге шайлоого карата даярдык көрүүнүн жүрүшү бир катар кемчиликтерди жана мүчүлүштүктөрдү көрсөттү. Советтик жана коомдук айрым уюмдар шайлоо жөнүндө Закондун принциптүү жоболорунун маңызын жана жаңылыгын, азыркы шайлоо кампаниясынын маанилүүлүгүн жана татаалдыгын түшүндүрүү боюнча иште оперативдүүлүктү жана туруктуулукту көрсөтө алышпады. Натыйжада эл депутаттыгына кандидаттарды көрсөтүү айрым эмгек коллективдеринде кеңири талкуулоосуз өттү. Шайлоочулардын жашаган жери боюнча чогулуштарында СССРдин эл депутаттыгына кандидаттарды көрсөтүүнүн жүрүшүндө да кемчиликтср байкалды. Жергилктүү Советтер, округдук шайлоо комиссиялары шайлоочулардын аз келгендигинин айынан мындай чогулуштарды областтык борборлордо, шаарларда жана айыл жерлеринде өткөрө албай калышты.

Добавить в список основных источников в Google

Демо – версия документа
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль. Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Обратная связь

Уважаемый пользователь! Мы стремимся постоянно улучшать качество наших услуг. Пожалуйста, поделитесь своими предложениями — Ваше участие поможет нам стать ещё удобнее и эффективнее для Вас!