Введите номер документа
Прайс-лист

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары («Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын пресс-релизи» № 13 (590) 2007-жылдын 26-30-марты)

Информация о документе
Датачетверг, 12 апреля 2012
Статус
Действующийвведен в действие с
Дата последнего изменениячетверг, 12 апреля 2012

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары

 

2007-жылдын 2-апрелинде «Кабар» маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары М.Мырзабаеванын катышуусу менен «Кыргызстан Улуу жибек жолунда» жана «Кызматташуунун Шанхай уюму» сериясына арналган коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгаруу» темасында пресс-конференция болуп өттү.

Улуттук банктын Расмий билдирүүсүнүн толук текстин «Улуттук банктын пресс-релизине» № 13/2007 тиркемеден окуй аласыздар.

 

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2007-жылдын февраль айында керектөө бааларынын индексинин өсүшү 0,2 пайызды түздү. Улуттук банктын баа берүүсү боюнча банктан тышкаркы акчаларды жана сомдун алмашуу курсун камтыган монетардык факторлордун таасири 16,3 пайызды түзгөн. Калктын инфляциялык күтүүлөрү 27,2 пайыз өлчөмүндө таасир тийгизген. Кароого алынып жаткан мезгил аралыгы үчүн инфляцияны түзүүгө монетардык эмес факторлор 56,5 пайызды түзүү менен олуттуу таасир тийгизген.

 

Кыргыз Республикасында инфляциянын деңгээли

 

(өткөн жылдын декабрына карата пайыздар менен)

 

 

 

 

Февраль

2006

2007

Керектөө бааларынын индекси

2,7

1,9

Товарлар

3,0

2,1

Азык-түлүк товарлары

5,8

2,6

Азык-түлүк эмес товарлар

1,2

2,0

Кызмат көрсөтүүлөр

0,3

0,7

 

Азык-түлүк товарларына баанын төмөндөөсү менен шартталган 2006-жылдын февральайы менен салыштырганда баалардын өсүш арымынын төмөндөшү байкалууда. Баалардын олуттуу төмөндөшү төмөнкү категориядагы азык-түлүк товарлары боюнча белгиленген: мөмө-жемиш жана жашылчага 3,1 пайызга, сүт азыктарына, сыр жана жумурткага - 2,5 пайызга, шекерге - 1,4 пайызга.

Азык-түлүк эмес товарларга баалардын индекси 2007-жылдын февраль айында 0,3 пайызга өстү, ал негизинен баанын курулуш материалдарына 4,2 пайызга, газга - 2,8 пайызга өсүшүнөн улам болгон. Күйүүчү-майлоочу материалдарга, анын ичинде бензинге - 2,9 пайызга, дизель отунуна - 1,9 пайызга баалардын төмөндөшү, баалардын жалпы деңгээлине кармалып туруусуна таасир тийгизген.

Калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индекси 2007-жылдын февраль айында баанын байланыш кызматына 1,5 пайызга, ресторандардын жана мейманканалардын кызматына 0,5 пайызга өсүшүнүн натыйжасында 0,5 пайызга өскөн.

Демо – версия документа

Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Обратная связь
Оставьте свои контактные данные и наш менеджер свяжется с вами