Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер
боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 7-июнундагы № ЭД-000003/11-МО токтому
Иш № ЭД-000003/11-МО
Көзөмөл өндүрүшү № 6-235/12 ЭД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: судья Момбеков К.А.,
судьялар: Алыбаева Н.А., Жороев К.Ж.,
катчы: Бекенов Т.О.,
тараптар: А.Осмонбековдун өкүлү - Ж.Сабыралиев (ишеним каты № 03 06.01.2012-ж.), Ш.Турсунов жана М.Нишанованын өкүлү - Б.Абдыкадыровдордун (ишеним каты № 1746 06.06.2012-ж.) катышуусу менен ачык соттук отурумда А.Осмонбековдун Ош областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 30-мартындагы чечимине, Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 12-июлундагы аныктамасына көзөмөл тартибинде келтирген даттануусу боюнча бул иш каралды.
Ош областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 30-мартындагы чечими менен доо арыз канааттандыруусуз калтырылып, доогерден мамлекет пайдасына 1000 сом мамлекеттик алым жана 100 сом почталык чыгым өндүрүлгөн (төрагалык кылуучу судья Кулакматов Б.О.).
Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 12-июлундагы аныктамасы менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 30-мартындагы чечими өзгөртүүсүз, ал эми апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылып, доогерден мамлекет пайдасына 1700 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн (төрагалык кылуучу судья Каримова Р.А., судьялар: Кадыров К.С. баяндоочу, Токтомушев М.М.).
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы К.Жороевдин баяндамасын, иш боюнча тараптардын көрсөтмөлөрүн угуп, соттук коллегия,
тапты:
Доогер М.Саргынбаев Ош областынын райондор аралык сотуна Г.Таировага, М.Хашимовага, Ш.Турсуновго, А.Мамадалиевага, М.Каримовго, Мамиржан уулу Жахонгирге, А.Ботоевге, М.Хамаракуловго, М.Кадировго, М.Нишановага, Кара-суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына карата 2009-жылдын 26-январындагы № 225 сатуу сатып-алуу келишимин, № 185705 ИНН 5-04-02-007-0175, № 185704 ИНН 5-04-02-007-0176, № 185707 ИНН 5-04-02-007-0178, № 185708 ИНН 5-04-02-007-0179, № 185712 ИНН 5-04-02-007-0181, № 185711 ИНН 5-04-02-007-0182, № 185710 ИНН 5-04-02-007-0183, № 185717 ИНН 5-04-02-007-0184, № 185715 ИНН 5-04-02-007-0186, № 185714 ИНН 5-04-02-007-0187, № 185704 ИНН 5-04-02-007-0180 Мамлекеттик актыларын жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы менен кайрылып, ага негиз катары төмөндөгүлөрдү көрсөткөн.