2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо Программасынын жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчёту
Кыргыз Республикасынын Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын 2012-жылдын 18-декабрдагы № 41 токтому
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылга бекитилген иш-планына ылайык «2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо Программасынын жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча» Ош шаарынын мэринин отчётун угуп, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 29-октябрындагы № 11-токтомун эске алып, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлеринин, сунуштарынын негизинде, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. «2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо Программасынын жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча» Ош шаарынын мэринин отчёту канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов):