Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Гражедандык кодекси жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-майындагы № 234 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 902-VI токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-ноябрындагы № 1036-VI токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республлкасьшын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 97-статьянын 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 98-статьянын 1-пунктунда:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы же сот тарабынан юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бул жөнүндө юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону ишке ашырган органга жазуу жүзүндө, юридикатык жактарды мамлекеттик катгоо жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөттө кабарлайт. Кабарлоодо ушул бөлүктө каралган чечимдин көчүрмөсүн милдеттүү түрдө тиркөө менен анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалымат камтылышы керек. Мында анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү мөөнөтү жоюлгандыгы жөнүндө жарыяланган учурдан тартыл эки айдан аз болбошу керек.»;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: