Введите номер документа
Прайс-лист

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 12-16-майындагы № 18/2014 жумалык хроникасы»

Информация о документе
Датасреда, 11 июня 2014
Статус
Действующийвведен в действие с
Дата последнего изменениясреда, 11 июня 2014

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын жумалык хроникасы № 18/2014

Бишкек шаарында Улуттук банктын лицензиясыз нак чет өлкө валютасын алмаштырууну жүзөгө ашырган жактар

 

Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктан нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алган юридикалык жактар гана Кыргыз Республикасынын аймагында алмашуу бюролорун ача алышат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган көзөмөлдүк функцияларын ишке ашыруунун алкаганда Улуттук банк, алмашуу бюролорунун лицензиясыз, мыйзам чегинен тышкары ишкердигин алдын алуу, аныктоо жана аларга бөгөт коюу чараларын көрөт.

2014-жылдын баш жагынан тартып алмашуу бюролорунун банк мыйзамдарынын талаптарын сактоосуна рейддик текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясыз нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзүп келген бир катар алмашуу бюролору аныкталган.

Алсак, 2014-жылдын 1-чейреги ичинде Улуттук банктын лицензиясыз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн 37 жеке адам Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине ылайык, айыптык төлөм өндүрүү түрүндө административдик жоопкерчиликке тартылышкан. Республикалык бюджетке төлөнө турган айыптык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 63 000 сомду түзгөн.

Улуттук банк, мыйзамсыз иш алып барган алмашуу бюролору тарабынан алдоо, алдамчылык жана башка укукка жатпаган иштерине жол бербөө максатында, Улуттук банктын лицензиясына, ошондой эле каттоо катына ээ алмашуу бюролорунда гана нак чет өлкө валютасын алмаштырууну сунуштайт. Алмашуу бюросунун лицензиясынын болушуна сөзсүз түрдө көңүл буруу зарыл. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, Улуттук банктын лицензиясынын жана каттоо катынын көчүрмөсү алмашуу бюролорунун маалымат такталарында кардарларга көрүнүктүү жерде жайгаштырылууга тийиш.

Эгерде бул талаптар алмашуу бюролору тарабынан сакталбаса, алардын иши мыйзам талаптарын бузуу менен ишке ашырылып жаткандыгын же Улуттук банк тарабынан жонго салынбаган жана көзөмөлдүккө алынбаган иш чөйрөсү мыйзамсыз катары карала тургандыгын Улуттук банк эскертет.

Демо – версия документа

Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Обратная связь
Оставьте свои контактные данные и наш менеджер свяжется с вами