Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын жумалык хроникасы № 20/2014
Акча-кредит саясаты маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумунун жыйынтыгы 2014-жылдын 28-майында өткөн пресс-конференцияда айтылды.
Пресс-конференцияга Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын начальниги Сейилбек Урустемов, Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниги Раушан Сейткасымова жана Акча-кредит саясат бөлүмүнүн начальниги Насиба Имаралиева катышып, алар акча-кредит саясатынын биринчи чейреги ичинде ишке ашырылган акча-кредит саясаты боюнча отчёт, макро-экономикалык болжолдоолор, эсептик чен өлчөмү жөнүндө акча-кредит саясаты маселелери боюнча Улуттук банк Башкармасынын отурумунун жыйынтыгы тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле, өлкөнүн валюта рыногундагы жагдайларга, экономиканы долларлаштыруу деңгээлинин төмөндөшүнө, көп валюта төлөмдөрүнүн түрүнө өтүүгө ж.б. тиешелүү журналисттердин берген суроолоруна жооп беришти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине арналган отурумунан пресс-релиз
2014-жылдын 26-майында Улуттук банк Башкармасынын отуруму өткөрүлүп, анда жылдын биринчи чейреги ичинде ишке ашырылган акча-кредит саясаты боюнча отчёт, макроэкономикалык болжолдоолор, эсептик чен өлчөмү кароого алынган.
Кароого сунушталган отчётто 2014-жылдын биринчи чейрегинде Улуттук банк акча-кредит саясатынын жаңы операциялык негизине өткөндүгү баса белгиленип, анда пайыздык чендер аралык көрсөткүч катары колдонулгандыгы белгиленген. Ушул максатта эсептик ченди аныктоо механизми өзгөртүлүп, акча-кредит саясатынын жаны инструменттери колдонууга киргизилип, ал эми учурда колдонулуп жаткандары модификацияланган. Акча-кредит саясатынын пайыздык трансмиссиондук каналдарынын ишин күчөтүү жана акча рыногунун ченин Улуттук банктын эсептик чен деңгээлине жакындаштыруу, жаңы иш багытына өтүүнүн максатынан болуп саналат.