Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан ачык типтеги «Кыргызөнөржайкурулушбанкы» акционердик коомунун жана «Кыргызстан» акционердик- коммерциялык банкынын акционерлеринин «Капитал» жабык типтеги акционердик коомунун мыйзамсыз аракеттеринин фактылары тууралу кайрылуусун кароонун жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 2004-жылдын 8-апрелиндеги № 1027-II-19 токтому
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан ачык типтеги «Кыргызөнөржайкурулушбанкы» акционердик коомунун жана «Кыргызстан акционердик-коммерциялык банкынын акционерлеринин «Капитал» жабык типтеги акционердик коомунун мыйзамсыз аракеттеринин фактылары тууралу кайрылуусун кароонун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары У.А.Каримовдун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Б.Т.Полуэктовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан ачык типтеги «Кыргызөнөржайкурулушбанкы» акционердик коомунун жана «Кыргызстан» акционердик-коммерциялык банкынын акционерлеринин «Капитал» жабык типтеги акционердик коомунун мыйзамсыз аракеттеринин фактылары тууралу кайрылуусун кароонун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары У.А.Каримовдун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Б.Т.Полуэктовдун маалыматтары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан «Капитал» жабык типтеги акционердик коомунун мыйзамсыз аракеттеринин фактыларын текшерүү боюнча иштеринин үстүртөн жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.