Введите номер документа
Прайс-лист

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2012-жылдын 13-мартындагы № АД-16/12-МТ токтому

Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Информация о документе
Датавторник, 13 марта 2012
Статус
Действующийвведен в действие с
Дата последнего изменениявторник, 13 марта 2012

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2012-жылдын 13-мартындагы № АД-16/12-МТ токтому

 

Иш № АД-16/12-МТ

Көзөмөл өндүрүшү № 6-157/12 АД

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында

төрагалык кылуучу судья: Жороев К.,

судьялар: Алыбаева Н.А., Арапбаев Н.М.,

соттук отурумдун катчысы: Абышов Б.,

тарап: Талас регионалдык кооперативдер союзунун төрагасы - Ш.Молдалиевдин кагышуусунда,

ачык соттук отурумда арыз берүүчү А.Мамбетова Талас шаарынын Мэриясына карата Талас шаарынын Мэриясынын 2005-жылдын 25-апрелиндеги № 197-токтомун жокко чыгарып берүү жана 1998-жылдын 23-апрелиндеги № 108-токтомунун аткарылышын милдеттендирип берүү жөнүндөгү арызы боюнча кабыл алынган Талас областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 26-октябрындагы аныктамасына жана Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы аныктамасына карата көзөмөл иретинде келтирген А.Мамбетованын даттануусун карап,

(даттанылып жаткан соттук актыларды кабыл алган судьялар: А.Бекмурзаев., Ибраимов М.И., Бердикеев Т.Н., Момуналиев А.Ж.),

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Н.Арапбаевдин баяндамасын, иш боюнча тарап Талас регионалдык кооперативдер союзунун төрагасы - Ш.Молдалиевдин пикирин угуп, соттук коллегия тапты:

А.Мамбетова Талас шаардык мэриясынын 2005-жылдын 25-апрелиндеги № 197-токтомун жокко чыгарып, 1998-жылдын 23-апрелиндеги № 108 сандуу токтомун аткарылышынын милдеттендирип берүү жөнүндөгү доо арыз менен Талас областынын райондор аралык сотуна кайрылган.

Соттук отурум башталар алдында, А.Мамбетова иш боюнча жазуу түрүндө негиздерин көрсөтүп, төрагалык кылуучу судья А.Бекмурзаевден баш тартаарын билдирген.

Талас областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 26-октябрындагы аныктамасы менен арыз ээси А.Мамбетованын Талас областынын райондор аралык сотунун судьясы А.Бекмурзаевден баш тартуу жөнүндөгү өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылып, ишти маңызы боюнча кароо 2011-жылдын 27-октябрына саат 11-00 гө калтырылган.

Кабыл алынган Талас областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 26-октябрындагы судьядан баш тартуу арызы боюнча кабыл алынган аныктамасына А.Мамбетова апелляциялык жеке даттануу келтирип, анда бул аныктаманы мыйзамсыз деп эсептеп аталган ишти судья А.Бекмурзаевдин кароосуна каршы экендигин көрсөткөн.

Демо – версия документа

Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Обратная связь
Оставьте свои контактные данные и наш менеджер свяжется с вами