Введите номер документа
Прайс-лист

«Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (кабыл алынган)

Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Информация о документе
Датачетверг, 9 апреля 2015
Статус
Утратил силу
утратил силу с 28 апреля 2016

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

МЫЙЗАМЫ

 

«Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 208 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген

 

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы № 80-VI токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган

 

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 270-VI токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган

 

КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50 Мыйзамы менен кабыл алынган

 

1-берене. «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Дене тарбиянын ченемдик негиздери - Кыргыз Республикасынын калкын жаш курагына жараша ырааттуу камтуучу дене тарбиясы боюнча даярдыгын баалоонун (ченемдеринин) критерийлеринин топтому.».

2. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4-статья. Дене тарбиясынын ченемдик негиздери

 

Дене тарбиясынын ченемдик негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

Дене тарбиясынын ченемдик негиздери спорттук разряддарды жана наамдарды ыйгаруунун принциптерин, эрежелерин жана тартибин белгилеген Бирдиктүү спорттук классификация менен тыгыз айкалышта пайдаланылат.».

3. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө:

- дене тарбия жана спорт жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыздайт;

- маалыматтык камсыздоонун бирдиктүү мамлекеттик тутумун түзүүнү камсыздайт;

- спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрин жүргүзүүнүн тартибин аныктайт;

- дене тарбия жана спортту, дене тарбия жана спорт жаатындагы илимий изилдөөлөрдү, дене тарбиясы жана спортсмендерди даярдоо тутумун илимий-методикалык камсыздоону, кесиптик даярдоону, дене тарбия жана спорт жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча иш-чараларды каржылоонун мамлекеттик ченемдерин аныктайт;

Документ утратил силу

Демо – версия документа

Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Обратная связь
Оставьте свои контактные данные и наш менеджер свяжется с вами