Жумушчу комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 31-декабрындагы № 779-б буйругу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-февралындагы № 71 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы иштердин абалын жакшыртуу жөнүндө» Жарлыгын жана мэриянын 2008-жылдын 19-декабрындагы № 748-б «Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын 2009-жылдын 1-жарым жылдыгына карата иш планы жөнүндө» буйругун аткаруу максатында,
1. Жетекчилердин тапшырмаларын аткарууда тийиштүү тартиптин сакталышын жана жарандардын кайрылууларынын, арыздарынын өз убагында каралышын текшерүү боюнча жумушчу комиссия түзүлсүн.
2. Бекитилсин:
- жумушчу комиссиянын курамы (№ 1 тиркеме);