«Чоң-Таш айылында отузунчу жылдардагы жалпы репрессиядан курман болгондордун сөөгү коюлган жердеги мемориал комплекс» аттуу архитектуралык-көркөм ачык конкурсун өткөрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-апрелиндеги № 161 токтому

Чоң-Таш айылында отузунчу жылдардагы жалпы репрессиядан курман болгондордун сөөгү коюлган жердеги мемориал комплекс» аттуу архитектуралык-көркөм ачык конкурсун өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-апрелиндеги № 161 токтому

 

Республикадагы отузунчу жылдардагы жалпы репрессияланган курман болгондордун эстелик мемориал комплексинин долбоорунун мыкты чечилишин иштеп чыгуу жана тандоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулушка техникалык жактан контролдук кылуу боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте:

- республиканын коомчулугун тартуу менен «Чоң-Таш айылында отузунчу жылдардагы жалпы репрессиядан курман болгондордун сөөгү коюлган жердеги мемориал комплекс» атуу архитектуралык-көркөм ачык конкурс өткөрсүн;

- конкурс жөнүндө жобону бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;

- конкурстун натыйжасы боюнча республиканын Өкмөтүнө мемориал комплекс долбоорлоо жана куруу жөнүндө сунуш киргизсин.

2. Конкурска катышкандар үчүн төмөнкүдөн өлчөмдөгү сыйлык белгилснсин:

биринчи бир сыйлык - 10000 сом;

экинчи бир сыйлык - 5000 сом;

үчүнчү эки сыйлык - 2500 сомдон.

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.