Нарын облусунун Жумгал районундагы Миңкуш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтоткон башчысынын ордуна жаңы башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум Өткөрүү Боюнча Борбордук Комиссиясынын
2005-жылдын 19-майындагы № 128 токтому
Нарын облусунун Жумгал районунун Миңкуш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчысынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондугуна байланыштуу Нарын облусунун губернаторунун өтүнүчүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиcсиясы «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кодекстин 88-статьясынын 3-пунктуна ылайык токтом кылат:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Миңкуш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчысын шайлоо 2005-жылдын 10-июлуна, жекшембиге дайындалсын.