Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү айлыгынын алкагында иш-чараларды өткөрүү жөнүндө
Бишкек Шаарынын Мэриясынын 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 935-б буйругу
Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, улгайган жалгыз бой жарандарга, ошондой эле адистештирилген мекемелердеги балдарга, кары-картаңдар үй-интернаттарында жашагандарга даректүү материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү максатында,
1. Эл аралык майыптардын күнүнө арналган мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү айлыгын өткөрүү боюнча 2007-жылга карата иш планы бекитилсин (№ 1 тиркеме).