«Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2008-жылдын 16-майында)

Долбоор

Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы

 

«Акционердик коомдор жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы № 226 токтому менен КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген

 

1-статья. «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 25-статьянын 3-пунктунда:

- г) пунктчасы», коомдун кызмат орундагы, адамдарына, ошондой эле ушул Мыйзамдын 75-статьясына ылайык бүтүмдөрдү коом тарабынан жасоого кызыкдар болгон адамдарга карата доо арыз берүүгө» деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы з) пунктчасы менен толукталсын:

«з) ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдөр боюнча акционерлердин жана Коомдун өзүнүн кызыкчылыгын коргоодо сотко кайрылууга.».

2. 63-статьянын биринчи бөлүгү «ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдөр боюнча алдын ала корутунду берет» деген сөздөр менен толукталсын.

3. 65-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы:

- «коом алдында» деген сөздөрдөн кийин «жана акционерлер» деген сөздөр менен толукталсын;

- «коомго» деген сөздөрдөн кийин «жана акционерлерге» деген сөздөр менен толукталсын.

4. 75-статьянын биринчи абзацындагы «ошондой эле алардын үйбүлө мүчөлөрү төмөндөгүдөй учурда» деген сөздөр «эгер алар жана (же) алардын жакын туугандары жана (же) алардын аффилирленген адамдары» деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 76-статьяда:

- төртүнчү абзац «болжолдонуп жаткан бүтүмдөрдү» деген сөздөрдөн кийин»(болгон кызыкчылыктын мүнөзүнө жана деңгээлине тийиш болгон бүтүмдүн шарттары жана мүнөзү жөнүндө, бардык олуттуу фактылар жөнүндө)»деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын:

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.