«Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2011-жылдын 11-ноябрында)

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 709 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген

 

КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 17-майындагы № 1908-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган

 

КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3143-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган

 

1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомостору, 1996-ж., № 6, 80-б., 1998-ж., № 6, 226-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1.2-беренеде:

1) 3-бөлүктөгү «мыйзам актыларына» деген сөздөр «мыйзамдарга» деген сөздөр мемен алмаштырылсын;

2) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4. Граждандык мыйзамдар ушул Кодекстен, ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан, ушул Кодекстин 1-беренесинин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, эл аралык келишимдерден турат.

Башка ченемдик укуктук актыларда камтылган граждандык мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске шайкеш келиши керек.»;

3) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 6-бөлүктөгү «4, 5-пункттарында» деген сөздөр «4-бөлүгүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 6-берене күчүн жоготту деп табылсын.

3. 20-берененин 1-бөлүгү «күндөөлүк жазуунун» деген сөздөрдөн кийин «почталык телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн» деген сөздөр менен толукталсын.

4. 23-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Мыйзамдар менен белгиленген учурларды кошпогондо, жеке мүлктүк эмес байлыктар жана укуктар ээликтен ажыратылбайт жана башка ыкмалар менен берилбейт.».

5. 25-беренеде:

1) 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы «ипотека, сервитут жана күрөө жөнүндөгү» сөздөр «сервитут жана күрөө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 4-бөлүктүн биринчи абзацы «катталган укуктар» деген сөздөрдөн кийин «, мамлекеттик жана коммерциялык сырларды камтыбаган маалыматтардан тышкары,» деген сөздөр менен толукталсын;

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.