Ачык типтеги акционердик коммерциялык «Кыргызөнөржайкурулуш банкынын» жана «Кыргызстан» АКБсынын акционерлеринин «Капитал» жабык типтеги акционердик коомунун мыйзамсыз аракеттери тууралу кайрылуулары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 2004-жылдын 6-февралындагы № 935-II-18 токтому
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны токтом кылат:
1. Ачык типтеги акционердик коммерциялык «Кыргызөнөржайкурулуш банкынын» жана «Кыргызстан» акционердик коммерциялык банкынын акционерлеринин кайрылуусунда баяндалган «Капитал» жабык типтеги акционердик коомунун мыйзамсыз аракеттерин текшерүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматына тапшырылсын.