Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары («Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын пресс-релизи» № 12 (641) 2008-жылдын 25-28-марты)

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-мартында болуп өткөн отурумунда төмөнкүдөй токтомдор кабыл алынды:

- 2008-жылдын 26-мартындагы № 13/1 «Эларалык камдарды тескөө боюнча 2007-жыл үчүн отчет тууралуу»;

- 2008-жылдын 26-мартындагы № 13/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эларалык камдарынын 2008-жылдын экинчи чейрегине карата түзүмү тууралуу» жобо» жөнүндө;

- 2008-жылдын 26-мартындагы № 13/4 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктарды корпоративдик башкаруу тууралуу» жобо» жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөндөгү журналдардын жарыкка чыккандыгы тууралуу маалымдайт:

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бюллетени», англис тилинде, 2007-жыл үчүн 12-саны;

- «Кыргыз Республикасында инфляция боюнча баяндама» 2007-жылдын 4-чейреги үчүн кыргыз жана орус тилдеринде;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары, 2008-жылдагы № 4 саны, анда төмөнкүдөй документтер жарыяланган:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы № 3/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелер» милдеттүү түрдө аткара турган экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2004-жылдын 21-июлундагы 18/1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 22-февралында 10-08 номеринде каттоодон өткөрүлгөн.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-январындагы № 5/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы № 38/11 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө» нускоого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 28-февралында 13-08 номеринде каттоодон өткөрүлгөн.

3. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 13-февралындагы № 6/3 «Жаңыдан ачыла турган банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү тууралуу» токтому. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 14-мартында 15-08 номеринде каттоодон өткөрүлгөн.

 

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.