Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары (Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын пресс-релизи № 18 (698) 2009-жылдын 6-8-майы)

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары

 

2009-жылдын 6-майында «Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду» ЖЧКсы тарабынан айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алынган.

Фонд банктардын билдирмелерин кароо жана кредиттик каражаттарды берүү ишин 2009-жылдын 11-майынан тартып жүзөгө ашыра баштайт.

Фонддун жайгашкан орду: Бишкек шаары, Исанов атындагы көчө, 5, телефондору: 31-42-32, 46-34-13.

 

Банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин жаңылыктары

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелерине жана алмашуу бюролоруна лицензияларды (күбөлүктөрдү) берген:

1. ЖЧК «Бек-Инвест» МККсына (жеке адамдарга жана юридикалык жактарга чакан кредиттерди берүүгө 2009-жылдын 6-майында берилген № 207 күбөлүк). Юридикалык дареги: Чүй областы, Аламүдүн р-ну, Лебединовка айылы, Кырман көчөсү, № 451.

2. ЖЧК «АЯТ» МККсына (жеке адамдарга жана юридикалык жактарга чакан кредиттерди берүүгө 2009-жылдын 7-майында берилген № 208 күбөлүк).

Юридикалык дареги: Чүй областы, Жайыл р-ну, Карабалта шаары, Свердлов көчөсү, № 53-үй.

3. КЖК «Золотой капитал» ломбардына (кыймылдуу мүлктү күрөөгө алуу менен кыска мөөнөттүү кредиттерди берүү боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна 2009-жылдын 6-майында берилген № 402 лицензия). Юридикалык дареги: Чүй областы, Сокулук р-ну, Сокулук айылы, Фрунзе көчөсү, 149.

4. Жеке ишкер Кадырбек кызы Айданага (нак четөлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2009-жылдын 6-майында берилген № 4012 лицензия), алмашуу бюросу 2232 номеринде катталган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Дэн Сяопин атындагы проспект, 2а, «Тунук» дүкөнү.

5. Жеке ишкер Абдулхамедов Нематжон Мухаммаджановичке (нак четөлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2009-жылдын 7-майында берилген № 4013 лицензия). Юридикалык дареги: Ош областы, Өзгөн шаары, борбордук базар.

6. Жеке ишкер Токтобаев Расул Жалиловичке (нак четөлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2009-жылдын 8-майында берилген № 4014 лицензия). Юридикалык дареги: Баткен областы, Лейлек району, Арка айылы.

 

Банктар аралык төлөмдөр

 

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.