Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары (Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын пресс-релизи № 26 2010-жылдын 5-9 июлу)

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары

 

2010-жылдын биринчи жарым жылдыгы ичинде ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына карата суроо-талаптын сунуштардан олуттуу жогору болгондугуна байланыштуу кыргыз сомуна карата АКШ долларынын курсунун жогорулоо тенденциясы уланган. Чет өлкө валютасына карата суроо-талап, мурунку жылдардагыдай эле, газды, күйүүчү-майлоочу майларды импорттоо үчүн, ошондой эле башка импорттолуучу товарлар үчүн акы төлөөнүн зарылдыгынан улам түптөлгөн. Мында, республикага чет өлкө валютасынын келип түшүүсү кыскарган, бул коңшу мамлекеттер менен чектеш чек-аралардын жабылып калышы жана республикадагы түзүлгөн кырдаал менен шартталган. Бул факторлордун бардыгы сомдун алмашуу курсуна олуттуу басым көрсөткөн, курстун кескин түрдө олку-солку болушу Улуттук банктын операцияларынын эсебинен жумшартылып турган. Алсак, 2010-жылдын биринчи жарым жылы ичинде банктар аралык валюта рыногундагы Улуттук банктын таза сатуусу 140,15 млн. АКШ долларын түзгөн. Ошол эле мезгил ичинде АКШ долларынын расмий курсу бир доллар үчүн 44,0917 сомдон 46,3896 сомго дейре, же 2 сом 30 тыйынга өскөн. Каралып жаткан мезгил ичинде АКШ долларынын курсунун бекемделиши байкалаарлык төмөндөгөн, ал 2009-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5,21% түзгөн (9,80%га бекемдөө).

АКШ долларынын курсунун өсүшү дүйнөлүк финансы рынокторунда да байкалууда, 2010-жылдын биринчи жарым жылында АКШ доллары көпчүлүк чет өлкө валюталарына караганда жогорку позицияда турган. Мисалга алсак, 2010-жылдын 6 айы ичинде америка валютасы еврого салыштырмалуу 18,68% кымбаттаган. Кыргызстандын негизги соода партнерлорунда - Россияда жана Казакстанда улуттук валюталарга карата АКШ долларынын алмашуу курсунун төмөнкүдөй динамикасы катталган: Россияда - орус рублинин девальвациясы 5,61% түзгөн, Казакстанда - теңгенин турукталуусу 0,68% түзгөн.

Улуттук банк финансы рынокторундагы жагдайга көз салып турат жана ички финансы рыногундагы кырдаалдын туруктуулугун камсыз кылуу максатында тиешелүү чараларды кабыл алууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери өлкөнүн түштүгүндөгү башаламандыктардан жабыр тарткандар үчүн фондго 246 миң сом которушту.

 

Банктык змес финансы-кредит мекемелердин жаңылыктары

 

Улуттук банк тарабынан төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелерге лицензиялар (күбөлүктөр) берилген:

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.