Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары
Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 18-ноябрында өткөрүлгөн отурумунда төмөнкү маселелер каралган жана алар боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынган:
- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн «Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» № 5/7 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (№ 85/2);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (№ 85/3), бул токтом менен Мезгил-мезгили менен берилүүчү банк отчету жөнүндө жобого толуктоолор бекитилген.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2010-жылдын 26-ноябрында Улуттук банк тарабынан чет өлкө валютасындагы депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2010-жылдын 23-ноябрындагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун 2010-жылдын 12-октябрындагы «Кыргызпромстройбанк» ААКынын мурунку акционерлеринин Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 5-августундагы № 59/3 «АзияУниверсалБанк» ААКынын төлөөгө жөндөмсүздүгүн белгилөө жөнүндө» жана 2010-жылдын 5-августундагы № 59/4 «АзияУниверсалБанк» ААКында банкроттоо процессин баштоо жөнүндө» токтомдорун жараксыз деп таануу талаптарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечими күчүндө калтырылгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирет.
Банктык эмес финансы-кредит мекемелердин жаңылыктары
Улуттук банк тарабынан төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелерге лицензиялар (күбөлүктөр) берилген:
1. ЖЧК «Мээрим Киреше» МККсына жеке адамдарга жана юридикалык жактарга чакан кредиттерди берүүгө 2010-жылдын 22-ноябрында берилген № 321 күбөлүк. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Л.Толстой көчөсү, 146а-10.
2. Жеке ишкер Малетина Марина Станиславовнага нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2010-жылдын 22-ноябрында берилген № 4514 лицензия. Алмашуу бюросу 2624 номеринде катталган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 115.