«Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2012-жылдын 17-апрелинде) (кабыл алынган)

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы

 

«Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

 

Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 247 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген

 

КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 20-декабрындагы № 2626-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган

 

КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 14-мартындагы № 2897-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган

 

КР 2013-жылдын 24-майындагы № 78 Мыйзамы менен кабыл алынды

 

1-берене. «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 8-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Шаар куруу ишинин бардык түрлөрү архитектура-курулуш иши тармагында, ошондой эле аталган тармакта контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан башкарылууга жана контролдонууга тийиш.».

2. 14-берененин 2-бөлүгүндөгү «шаардык архитектура органы» деген сөздөр «архитектура-курулуш иши тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 26-берененин 2-бөлүгүндөгү «шаардык архитектура жана шаар куруу органдардын» деген сөздөр «архитектура-курулуш иши тармагын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.