Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2012-жылдын 11-январындагы № АД-79/11 МО токтому

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2012-жылдын 11-январындагы № АД-79/11 МО токтому

 

Иш № АД-79/11 МО

Көзөмөл өндүрүшү № 6-469/11 АД

№ 6-69/12 АД

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында

төрагалык кылуучу: Аманалиева Б.К.,

судьялар: Осмоналиев К.Т., Алыбаева Н.А.,

сот отурумунун катчысы: Абышев Б.,

тараптар: М.Садыкованын өкүлү - М.Б.Джалалованын (2011-жылдын 3-майындагы ишеним каты) катышуусу менен,

соттун ачык отурумунда Содиков Есинбектин Ош областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 12-апрелиндеги жана Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы аныктамаларына карата келтирген көзөмөл даттануусун карап,

Ош областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 12-апрелиндеги аныктамасы менен Содиков Есинбек Орумбай уулунун 2005-жылдын 14-февралындагы № 70-мурастоо укугуна карата күбөлүктү (Жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы боюнча сот иши өндүрүштөн токтотулган,

(төрагалык кылган: Кулакматов Б.О.)

Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы аныктамасы менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 12-апрелиндеги аныктамасы өзгөртүүсүз калтырылган,

(төрагалык кылуучу жана баяндоочу судья: Галиева Ж.Д., судьялар: Кадыров К.С., Кубатов А.Э.)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Н.Алыбаеванын иш боюнча берген баяндамасын угуп, соттук коллегия, тапты:

Содиков Есинбай Ош областынын райондор аралык сотуна Ош шаардык нотариалдык кеңсесинин 2005-жылдын 14-февралында М.Садыковага берилген № 70 мураскордун укугун каттоо боюнча күбөлүгүн, Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдын 27-июлундагы № 575 сандуу токтомун жараксыз деп таап берүүнү суранган.

Анда, ал Ош шаарынын Абидов көчөсүнүн № 3 үйдө өмүр бою атасы Содиков Орумбай менен жашаганын, атасы 2006-жылдын 30-майында каза болгонун, бул үй чоң атасы Содиков Ясын Ахунга таандык болгонун, чоң атасы 1989-жылдын 16-июнунда каза тапканын, 1996-жылы эч кимге айтпай, талаш үйдө жашабаган - М.Садыкова, 1989-жылы каза тапкан - Содиков Ясын Ахундун атынан берилген жалган арыздын негизинде даттанылып жаткан Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын № 575 токтомун чыгартып алганын. Мындан тышкары атамдын - Содиков Орумбайдын менден башка балдары жок деп 2005-жылдын 14-февралында талаш үйгө мураскор катары күбөлүктү алып алганын көрсөткөн.

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.