«Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2012-жылдын 13-ноябры) (кабыл алынган)

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ

 

«Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 769 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген

 

КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 31-январындагы № 2730-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган

 

КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 28-февралындагы № 2821-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган

 

КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 174 Мыйзамы менен кабыл алынды

 

1-берене. «Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору 1998-жыл, № 12, 524-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 2-берененин 1-бөлүгүндөгү «Коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр «коргоо, коопсуздук жана аскердик саясат чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу башка мыйзамдарга» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 4-5-беренелер төмөнкү редакцияда берилсин:

«4-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы Кыргыз Республикасынын Президенти:

1) Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын максаттарын жана милдеттерин аныктайт;

2) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы кызматташтык жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт;

3) жалпы же чектелүү мобилизация, аскер абалын, Кыргыз Республикасына каршы агрессия жасалган же түздөн-түз агрессия коркунучу туулган учурда согуш абалын жарыялоо жөнүндө Жарлыкты кийин аны Кыргыз Республикасындагы Жогорку Кеңештин кароосуна токтоосуз киргизүү менен чыгарат.

5-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши:

1) мобилизациялык даярдыкты жана мобилизацияны мыйзамдык жактан жөнгө салууну жүзөгө ашырат;

2) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы эл аралык келишимдерди ратификациялайт же жокко чыгарат;

3) жалпы же чектелүү мобилизация; аскер абалын; согуш абалын жарыялоо жөнүндөгү Президенттин Жарлыгын бекитет же жокко чыгарат.».

3. 6-берененин 1-бөлүгүндө:

7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.