«Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы ж?н?нд?» Мыйзамына толуктоолорду жана ?зг?рт??л?рд? киргиз?? тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2013-жылдын 30-июлу) (кабыл алынган)

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
 
Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 432 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген

 

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-мартындагы № 3882-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган

 

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3994-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган

 

КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамы менен кабыл алынды

 

1-берене. Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына («Эркин Too» гезити, 2012-жылдын 17-августу, № 73-74) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-беренеде:

- төмөнкүдөй мазмундагы жаңы он сегизинчи абзац менен толукталсын:

«Кен казуучу тармактардын ачык-айкындык демилгеси - (мындан ары - ААД) өнөр жайдагы кен казуучу тармактардын ишинен алынуучу кирешенин ачык-айкындыгын камсыздоого шарт түзүүчү, компаниялардын төлөмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алуучу кирешелердин салыштырылышын жана кеңири коомчулукка такай маалымдоону караштыруучу глобалдуу эл аралык стандарт.»;

- кырк сегизинчи абзацында «конкурстук объекттер» деген сөздөр «геологиялык изилдөө же иштетүү стадиясындагы конкурстук объекттер, ошондой эле иштетүү стадиясындагы жер казынасынын башка объекттери» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 18-беренеде:

- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«3. Геологиялык маалыматтык ресурстарды берүүнүн жана пайдалануунун тартибин, аларды алгандык үчүн акынын өлчөмүн, алардын наркын, ошондой эле алынган каражаттарды сарптоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.»;

- 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«6. Геологиялык маалыматтык ресурстардын оригиналдары менен Мамлекеттик геологиялык маалыматтык фондусунун бөлмөлөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте иштөөгө болот.».

3. 23-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«5. Эгер түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде берилген объектке, биринчи арыз берилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде даты бир же андан ашык арыз түшсө, анда ал объект аукционго коюлат.».

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.