«Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2013-жылдын 3-октябры) (кабыл алынган)

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-октябрындагы № 553 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген

 

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 16-январындагы № 3760-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган

 

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 26-февралындагы № 3848-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган

 

КР 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 56 Мыйзамы менен кабыл алынды

 

1-берене. Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-б.) төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 400-3-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы «туура эмес» деген сөздөн кийин «же толук эмес» деген сөздөр менен толукталсын.

2. 415-статья төмөнкү редакцияда берилсин:

«415-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин түзүү, камсыз кылуу, сактоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу

 

Кызмат адамдарынын мамлекеттик архив мекемелеринин өкүлдөрүн ведомстволук архивдерге киргизбей коюусу -

кызмат адамдарына беш эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ыйгарым укуктуу адамдар мөөр басып бекиткен архив сактоочу жайларды өз алдынча ачуу, иши убактылуу же биротоло токтотулган архивдердин ишин кайрадан иштетүү, -

кызмат адамдарына беш эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын - мамлекеттик архивдерди толуктоонун булактарынын статистикалык отчёттуулукту бербөөсү -

юридикалык жактарга жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда документтер болгондо архивдик маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, социалдык-укуктук мүнөздөгү документтердин көчүрмөлөрүн жарандарга берүүдөн баш тартуу, -

кызмат адамдарына он эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.