Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 15-августундагы № АД-325/13 МО токтому

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 15-августундагы токтому

 

Иш № АД-325/13 МО

Көзөмөл өндүрүшү № 6-548/14 АД

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында:

төрагалык кылуучу судья: Арапбаев Н.М.,

судьялар: Боронбаева Д.С., Мухамеджанов А.Ж.,

сот отурумунун катчысы: Бекенов Т.,

тараптардын: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Т.Мурзакуловдун (20.06.2014-ж. ишеним каттын негизинде), Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү А.Кабыловдун (14.01.2014-ж. ишеним каттын негизинде), «Кыргыз соода биримдигинин» ЖЧКнун өкүлү А.Эргешовдун (01.08.2014-ж. ишеним каттын негизинде),

соттун ачык отурумунда иш боюнча кабыл алынган Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 7-февралындагы аныктамасына карата Кара-Суу районунун прокуратурасынын келтирилген көзөмөл тартибиндеги сунушун карап, ал аныктама менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 10-октябрындагы чечими алынып салынган.

Кара-Суу районунун прокуратурасынын Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жана Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына, үчүнчү жак «Кыргыз соода биримдиги» жоопкерчилиги чектелген коомуна, Сарай айыл өкмөтүнө карата Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2004-жылдын 28-июнундагы № 132 токтомун жана 2011-жылдын 20-июнунда берилген Ч № 332847 сандуу мамлекеттик актысын жараксыз деп табуу жөнүндө арызы доо арызы боюнча административдик иш боюнча өндүрүш токтотулган.

(төрагалык кылган жана баяндамачы судья: К.Салиев, судьялар: А.Эгембердиева, Б.Мурзабеков)

Ош областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 10-октябрындагы чечими менен Кара-Суу районунун прокуратурасынын доосу жарым-жартылай канааттандырылган.

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2004-жылдын 28-июнундагы № 132 сандуу токтому кабыл алынган мезгилден тартып жараксыз деп табылган.

Кара-Суу райондук Мамкаттоо башкармасы тарабынан «Кыргыз соода биримдиги» жоопкерчилиги чектелген коомуна 2011-жылдын 20-июнунда берилген Ч № 332847 сандуу мамлекеттик актысы берилген учурдан жараксыз деп табылган.

Жусупбаев Дилмураттын өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылган.

Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан мамлекеттик бюджеттин пайдасына ар биринен 1000 (миң) сомдон мамлекеттик алым жана ар биринен 230 сомдон почта чыгымы өндүрүлгөн

(судья: К.Пирматов).

 

ТАПТЫ:

 

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.