«Ипотека: Мугалимдерге арзан турак-жай алуу үчүн мамлекеттик насыя берилет» Суроо-жооп (2016-жылдын 29-январы)

Ипотека: Мугалимдерге арзан турак-жай алуу үчүн мамлекеттик насыя берилет

 

Кыргыз Республикасынын жарандарын арзан турак-жай менен камсыз кылуу, жарандардын турак-жайга муктаждыгын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Арзан турак-жай 2015-2020» программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруу боюнча «Мамлекеттик ипотекалык компаннясы» ачык акционердик коому (мындан ары - МИК) түзгөн. Бүгүнкү күнгө карата МИК тарабынан «Арзан турак-жай 2015-2020» программасына катышуучуларды тандоонун критерийлери, ипотекалык насыянын шарттары жана социалдык турак-жайдын стандарттары иштелип чыгылган. Бул долбоор Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын www.gik.kg сайтына жайгаштырылып 2016-жылдын 11-февралына чейин коомчулуктун талкуусуна коюлган. Бирок бул иш кагаздарыныи долбоорун бардык эле мугалимдер окуй алган жок. Анткени алыскы айылдарга дагы эле болсо интернет булагы жете элек. Ошондуктан көптөгөн мугалимдер редакцияга кайрылып, мамлекет тарабынан берилчү насыянын жол-жобосун билип берүүнү өтүнүшүүдө. Ошол себептен биз Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилигине кайрылдык. МИКтин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нуржигит Усенакун уулу мугалимдерди тынчсыздандырып жаткан бир топ суроолорго жооп бергенге аракет кылды.

 

Суроо: - Нуржигит мырза, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын түзүү максаты эмнеде жана Өкмөт ага кандай иштерди милдеттендирди?

Жооп: - Бардыгыбызга маалым болгондой, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын максаты - мамлекеттеги турак-жайга муктаж болгон адамдардын суроо-талабын канааттандыруу. Бул багытта Мамлекеттик ипотекалык компания бир топ иш-чараларды алып барууда. Бүгүнкү күндө келечектеги турак-жай менен камсыз болуу үчүн ипотекалык насыяларды алуучуларды тандоо критерийлери, алуучу насыялардын шарттары жана ошол насыяга алына турган турак-жайга коюлган талаптар иштелип чыгып, коомчулукта талкууланып жатат.

 

Суроо: - Бул программанын катышуучусу кандай талаптардын негизинде тандалып алынат?

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.