Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 5-октябрындагы токтому
Иш № АД-12/15 МД
К/Ө № 6-689/15АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Аманалиева Б.К.,
судьялар: Осмоналиев К.Т., Джумашов К.О.,
сот отурумунун катчысы: Абышов Б.,
тараптардан: Д.Омуркулованын өкүлү А.Молдобаевдин (2015-жылдын 9-июнундагы № 610 ордер-тапшырманын негизинде), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Э.Төрөмаматовдун (2015-жылдын 24-июлундагы ишеним каттын негизинде) катышуусунда,
Д.Омуркулованын Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 15-июнундагы чечимине карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусун карай чыгып, ал чечим менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2015-жылдын 26-мартындагы чечиминин Кербен шаардык мэриясынын 2013-жылдын 11-июнуидагы № 142-Т сандуу токтому жана 2013-жылдын 14-июнундагы № 197-б сандуу буйругу жана Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды аттоо башкармалыгы тарабынан 2013-жылдын 25-октябрында берилген техникалык паспорту жараксыз деп табылсын жана Кербен шаардык мэриясынан 2 000 сом, Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан 1 000 сом мамлекеттик алым республикалык бюджетке өндүрүлсүн деген бөлүктөрү алып салынган. Бул бөлүктөрү боюнча жаңы чечим кабыл алынган. Д.Омуркулованын Кербен шаардык мэриясынын 2013-жылдын 11-июнундагы № 142-Т сандуу токтомун жана 2013-жылдын 14-июнундагы № 197-б сандуу буйругун жана Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2013-жылдын 25-октябрында берилген техникалык паспортту жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы канааттандыруусуз калтырылган. Чечимдин калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган. Апелляциялык даттануу жарым-жартылай канааттандырылган. Арыз берүүчү Д.Омуркуловадан республикалык бюджетке 4 500 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн,
(төрагалык кылган: Алаев М.А., судья: Токтогулова Г.Т., баяндамачы-судья: Абдраимов А.Ж.)