Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Макулдашуу долбоору (2015-жылдын 4-сентябры)

Долбоор

 

Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы

Макулдашуу

 

КР Президентинин 2015-жылдын 4-сентябрындагы № 247 буйругу менен жактырылган

 

Киришүү

 

Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасы, мындан ары «Сүйлөшүүчү тараптар» деп аталып, улуттук суверенитет жана бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принциптеринин негизинде соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жаатында натыйжалуу кызматташууну өнүктүрүүдө өз ара кызыкчылыктан улам,

төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

 

1-берене. Терминдердин аныктамасы

 

Ушул Макулдашууда колдонулган терминдердин аныктамасы төмөндө чечмеленет:

«Өкүм чыгарган мамлекет» - аймагындагы сот өткөрүп берүүчүгө объектиге карата түрмөгө камоо же эркинен ажыратуунун башка түрүндөгү жазалоонун башка формасында жөнүндө өкүм чыгарган мамлекетти түшүндүрөт;

«Өкүмдү аткарган мамлекет» - анын жараны болуп эсептелген адамга карата өз аймагында түрмөгө камоо же эркинен ажыратуунун башка түрүндөгү жаза формасын аткарууну камсыздаган мамлекетти түшүндүрөт;

«Соттолгон адам» - кылган кылмышы үчүн түрмөгө камоого же эркинен ажыратуунун башка жазасына Сүйлөшүүчү тараптардын биринин соту тарабынан өкүм чыгарылган адамды түшүндүрөт;

«Соттолгон адамдын туугандары» - соттолгон жарандын мамлекетинин мыйзамында каралган мааниге ээ;

«Сүйлөшүүчү тараптардын биринин компетенттүү органдары» - мыйзамдарга ылайык соттолгон адамдарды өткөрүп берүүгө кайсы бир деңгээлде катышкан органдарды түшүндүрөт.

 

2-берене. Макулдашууну колдонуу чөйрөлөрү

 

Ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык эркинен ажыратылган адам өкүм чыгарган Мамлекеттин аймагынан өкүмдү аткаруучу Мамлекеттин аймагына жазанын калган мөөнөтүн өтөө үчүн өткөрүлүп берилет.

 

3-берене. Өткөрүп берүүдөн баш тартуу

 

Өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап эгер Сүйлөшүүчү тараптардын бири, соттолгон адамды өткөрүп берүү анын эгемендигин, коопсуздугун, коомдук тартибин бузса жана/же анын Конституциясына каршы келет деп эсептесе, баш тартылат.

 

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.