Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 19-мартындагы № АД-165/14 МН токтому

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 19-мартындагы токтому

 

Иш № АД-165/14 МН

Көзөмөл өндүрүшү № 06-12/15 АД

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында:

төрагалык кылуучу судья: Арапбаев Н.М.,

судьялар: Акматов Б.Дж., Мухамеджанов А.Ж.,

сот отурумунун катчысы: Абышов Б.,

тарап: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү - М.Тентиеванын, К.Кудайбергеновдун, анын өкүлү Б.Кожомуратовдун катышуулары менен соттун ачык отурумунда иш боюнча кабыл алынган Нарын областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 2-октябрындагы чечимине, Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 2-декабрындагы аныктамасына карата Нарын областынын прокуратурасынын көзөмөл иретиндеги сунушун карап,

Нарын областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 2-октябрындагы чечими менен Кудайбергенов Камчыбек Кадыркуловичтин 2014-жылдын 8-август айындагы Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын № 15/2 сандуу токтомун жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы толугу менен канааттандырылган.

2014-жылдын 8-август айындагы Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын № 15/2 сандуу токтому жараксыз деп табылган.

Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинен 1000 мамлекеттик алым жана 100 сом почта чыгымдары, баардыгы 1100 сом мамлекет пайдасына өндүрүлгөн

(судья: Акбердиев М.),

Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 2-декабрындагы аныктамасы менен Нарын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 2-октябрындагы ушул иш боюнча чечими өзгөртүүсүз, Жакыпов Жолдошбектин апелляциялык арызы канааттандыруусуз калтырылган

Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинен 500 сом мамлекеттик алым үчүн мамлекет пайдасына өндүрүлгөн

(төрагалык кылган: Амиракулова З., судьялар: Байышов М., Ташмамбетов Т. - баяндамачы)

 

ТАПТЫ:

 

Арыз берүүчү К.Кудайбергенов Чет-Нура айылдык кеңешинин 2014-жылдын 8-августундагы № 15/2 токтомун жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы менен сотко кайрылган. Ал арызын төмөндөгүдөй негиздеген.

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.